Көнүгүү 1 - Веб редактор менен таанышуу

Көнүгүү 1 - Жөнөкөй веб-сайтты жасоо

Азыр болсо жөнөкөй веб-сайтты курууга убакыт келди. Бул көнүгүүнү аяктоо үчүн сиз төмөнкү кадамдарды аткарышыңыз керек:

  1. Веб редакторду ачып (төмөндөгү “Өзүңүз байкап көрүңүз!” баскычын басыңыз)
  2. Аталышын кошуу үчүн баш тегдерди, ал эми Бенжи жөнүндө абзац жазуу үчүн абзац тегдерин колдонуңуз
  3. Эгер убактыңыз болсо: Бенжинин сүйүктүү тамактарынын тизмесин жазыңыз: үндүк, жержаңгак майы жана жип сыры

Өзүңүз байкап көрүңүз!

Кээ бир HTML тегдерин өз алдынча колдонуп көрүү үчүн бул маалымдама диаграммасын колдонуңуз.

ТегТүшүндүрмөМисал
<html></html>HTML документин көрсөтөт. Ар бир веб-сайтачылыш теги менен башталып,жабуу теги менен аякташы керек.Жогорудагы Code Pen мисалын караңыз.
<!-- -->Комментарийди көрсөтөт. Комментарийлер башка программисттер үчүн, алар веб-сайтта көрсөтүлбөйт.<!-- Бул сап браузерде көрүнбөйт -->
<head></head>Веб-сайтты туура көрсөтүү үчүн браузерге маалымат берген бардык HTML элементтерин камтыйт.жанатегинин ортосундагы HTML элементтери сайтта көрсөтүлбөйт.Жогорудагы Code Pen мисалын караңыз.
<title></title>Браузер өтмөгүнө атоо үчүн колдонула турган веб-сайттын аталышын камтыйт.<head>
<title> Менин веб-сайтым </title>
</head>
<body></body>Текст жана сүрөттөр сыяктуу веб баракчада көрсөтүлгөн бардык HTML элементтерди камтыйт.Жогорудагы Code Pen мисалын караңыз.
<h1></h1>

<h6></h6>
Баракчанын баш аталышын/темасын аныктайт. <h1> эң маанилүү (эң чоң) аталышты/теманы аныктайт, ал эми <h6> эң мааниси төмөн (эң кичине) аталышты/теманы аныктайт.<h1>Бул чоң аталыш болот</h1>
<h4>Бул кичинекей аталыш болот</h4>
<p></p>Абзацты аныктайт.<p>Иттер адамдарды сүйүүгө уйронушкон. Азыр ит адамдын эң жакын досу.</p>
<div></div>Сайттагы бөлүмдү аныктайт.<div>
<h1>Мен жөнүндө бардык нерсе</h1>
</div>
<img>Сүрөт. Бул өзүн-өзү жапкан тег, бирок сиз сүрөттү кайдан алууну билиш үчүн браузерге сүрөттүн булагын көрсөтүшүңүз керек.<img src=“aka.ms/Benji-the-dog”>
<hr>Горизонталдык сызыкты тартат. Баракчадагы контентти бөлүп койгунуз келсе, пайдалуу дагы бир өзүн-өзү жапкан тег.
<hr>
<ul>
<li>
</li>
</ul>
Тизме. Тизмени баштоо үчүн <ul> тегин колдонуңуз. Тизмеге кошула турган ар бир нерсе үчүн <li> жана </li>тегин колдонуңуз. Тизмени </ul> теги менен бүтүрүңүз.<ul>
<li>Бул тизмедеги нерсе.</li>
</ul>